Кайсы тамактын кишини өлүмгө тез жетелери айтылды. Изилдөө

CC BY-SA 2.0 / star5112 / JOH_5778Приготовление еды
Приготовление еды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер 100 миң аял катышкан тажрыйба жүргүзүп, адамды ойлонто турган бүтүмгө келишкен.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар куурулган бир жумуртка болсо да мезгилинен эрте болчу өлүмдү 13 пайызга тездетет деген жыйынтыкка келген. Бул туурасында "Известия" басылмасы жазды.

Алардын айтымына караганда, адам куурулган балыкты, деңиз азыктарын көп жегенде өлүмгө эрте кабылышы мүмкүн. Тагыраагы, булар ажалды 7 пайызга эрте чакырарын айтылган.

Адистер 50-79 жаш курагындагы 100 миң аял катышкан тажрыйба жүргүзүп, адамды ойлонто турган бүтүмгө келишкен. Изилдөө 18 жылга созулган.

Бул мезгил аралыгында окумуштуулар 122 азыктын организмдин ар кайсы бөлүгүнө кандай таасир берерине байкоо салган. Мында тамак-аштын көлөмү да эске алынганы айтылат.

Путешествие из Москвы в Сочи на поезде - Sputnik Кыргызстан
Картайбайм десеңиз... Карылыкты кечеңдеткен азык аталды
Куурулган бир эле тамакты бир күн ичинде бир нече ирет жесе, жүрөк ооруга кабылуу тобокелдиги 8 пайызга өсө турганы белгилүү болду. Алар пайыздык көрсөткүчтү куурулбаган азык жегендерге салыштырган.

Изилдөөлөр кандай гана тамак болбосун куурулган түрү жүрөк-кан тамыр системасын начарлатып, диабетти өрчүтөрүн эскертишкен.

Адам куурулган азыкты канчалык аз жесе, өлүмгө эрте кабылуу кооптуулугу ошончо төмөн болорун тажрыйба көрсөткөн.

Адистер мындай тамактардын зыяндуулугу куурулуп жатканда жараларын айтышкан. Маалыматта зайтун майын колдонсо, ден соолукка залалы аз тиери белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0