Индияда ок жеген кыз үлпөт тоюн жылдырбастан, сүйүктүүсү менен баш кошту

© AFP / SAM PANTHAKYИндиядагы үйлөнүү үлпөтү. Архив
Индиядагы үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызга ким ок чыгарганын эч ким көрбөй калган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Индияда өзүнүн үлпөт тоюнда ок тийген кыз акыр-аягы сүйүктүүсүнө турмушка чыкканын NDTV басылмасы жазды.

Акции протеста против мгновенного развода в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Индияда талак берип ажырашууга тыюу салынды
Окуя Нью-Дели шаарында болгон. Кыз болочок жолдошу менен отту жети жолу айланып басууга даярданып жатканда белгисиз киши аны бутка аткан.

Жабырлануучуну дароо ооруканага жеткиришип, кийин ата-энеси полицияга кайрылган. Дарыгерлер кыздын жаратын карап дароо коё беришип, жаш жубайлар тойду улантышкан. Бирок жагдайдан улам тойду бир топ кыскартууга туура келген.

Полиция шектүүнү табуу үчүн тойго чакырылгандарды суракка алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0