Сауд Аравияда аялдар кандай ыкма менен төрөөрүн өздөрү чечмей болду

© AFP / PETER STEFFEN / DPAЖенщина в хиджабе. Архивное фото
Женщина в хиджабе. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары Сауд Аравиядагы аялдар кош бойлуулугу кандай өтүп жатканы жана качан төрөөрү тууралуу дарыгерден кеп-кеңеш алуу үчүн эркектердин уруксатын алышпайт.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Сауд Аравияда аялдар эми кандай ыкма менен төрөөрүн өздөрү чечет. Алар мурдагыдай күйөөсүнүн, атасынын же эркек бир туугандарынан уруксат сурашпайт. Бул тууралуу The National басылмасы жазды.

Эми аялдар табигый жол мененби, же операция аркылуу төрөйбү, өзү тандайт. Андан сырткары, Сауд Аравиядагы аялдар кош бойлуулугу кандай өтүп жатканы жана качан төрөөрү тууралуу дарыгерден кеп-кеңеш алуу үчүн эркектердин уруксатын алышпайт.

Басылманын билдиришинче, кош бойлуу аялдар төрөт учурунда жанында ким болушун дагы өздөрү чечет.

Жаңылыктар түрмөгү
0