Жер менен үч футбол талаасындай көлөмдөгү астероид кагышат дешти

© NASAАстериод. Ахрив
Астериод. Ахрив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
325 метрлик "Апофис" 2004-жылы табылган. Бул ачылыштан кийин анын биздин планета менен кагылышы 2029-жылы болот дешкен.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 2068-жылы Жерге "Апофис" астероиди кулап түшүшү мүмкүн. Ал эми 2029-жылы биз жашаган планетадан өтө жакын аралыкта кыйгап өтөт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Бул маалыматтар Петербург мамлекеттик университетинин асман механикасын иликтеген кафедрасынын маалыматтарына таянып жарыяланган.

Жерге уламдан улам жакындап жаткан 2003 SD220 астероиди - Sputnik Кыргызстан
NASA жерге "майрамдык" астероид жакындап калганын эскертти
"Апофистин" Жерге качан жакын келери так айтылды. Ал — 2029-жылдын 13-апрелинде 38 миң чакырым аралыкта учуп өтмөкчү. Ал эми Ай менен биз жашаган планетанын аралыгы 384 миң чакырым. Астероид бизге ал жолу эмес, башка ирет, 2068-жылы чоң коркунуч жаратат. Тагыраагы, Жерге кулашы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Ал кооптуу учурга чейин астероид Жерге дагы бир ирет, 2044-жылы 16 миллион чакырымга жакындап келет. 2051-жылы 760 миң, андан тогуз жылдан соң кайра оолактап, 5 миллион чакырым аралыкта жандап учат.

"Апофис" Жер менен 2068-жылы кагылышат деген маалыматты НАСА мурда билдирген. Гавай жана Пиза университетинин окумуштуулары бул кагылышуунун ыктымалдыгы 1 миллионго 2,3 экени айтылды.

325 метрлик "Апофис" 2004-жылы табылган. Бул ачылыштан кийин анын биздин планета менен кагылышы 2029-жылы болот дешкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ал жакындап келип, бирок багытын өзгөртөөрү, бирок кийин кайтып келери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0