Модель кыздын бриллиант чапталган эриндери Гиннесс китебине кирди

© Фото / официальный сайт книги рекородов ГиннесаАвстралиялык модель Чарли Октавиянын бриллиант чапталган эриндери Гиннестин рекорддор китебине кирген
Австралиялык модель Чарли Октавиянын бриллиант чапталган эриндери Гиннестин рекорддор китебине кирген - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Модель кыздын эриндерине жарым миллион долларлык 126 бриллиант кадалган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Австралиялык модель Чарли Октавиянын бриллиант чапталган эриндери Гиннестин рекорддор китебине кирген. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында маалымдалат.

Стилист кыздын эриндерин алгач кара помада менен боеп, андан соң кирпик чаптаган клей менен баалуу таштарды бирден коюп чыкканын айткан.

Модель кыздын эриндерине жарым миллион долларлык 126 бриллиант чапталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0