Нааразылык акциясында 170 киши жабыркады. Зимбабведеги окуя

© REUTERS / PHILIMON BULAWAYOЗимбабведе нааразылык митинги учурунда кармалган адамдар
Зимбабведе нааразылык митинги учурунда кармалган адамдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин акция учурунда үч киши мерт болгон. Алардын бирөө бала экени кабарланган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Зимбабведе дүйшөмбү күнү башталып, учурда уланып жаткан нааразылык митинги учурунда 172 киши жабыркап, 68и ок жеди. Бул туурасында РИА Новости агенттиги Адам укугу үчүн күрөшкөн Зимбабведеги дарыгерлер ассоциациясы (ZADHR) билдиргенин кабарлады.

Буга чейин акция учурунда үч киши мерт болгон. Алардын бирөө мектеп окуучусу экени кабарланган.

"Учурда ZADHR дарыгерлери 172 киши жаткан мамлекеттик жана менчик мекемелерди кыдырып чыкты. Алардын 68и ок жеп, оор абалда калган. Алардын арбынына операция жасалды", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз чоролору үч талап койду. Кытай элчилигиндеги митингдин видеосу - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз чоролору" үч талап койду. Кытай элчилигиндеги митингдин видеосу
Мындан сырткары, дарыгерлер алардын арасында полициянын иттери тиштеп, желим таяк тийип, денесине курч буюмдар кирип кетип жаракат алгандар бар экенин кабарлашкан. Аталган уюм "жарадар алгандар көп болушу мүмкүн экенин, себеби аларды ооруканага киргизбей жатышканын" айткан.

Зимбабвиялыктардын нааразылыкка чыгышына мунай затынын наркы 200 пайызга көтөрүлүп кетиши боюнча президент Эммерсон Мнангагванын билдирүүсү себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0