16:49 17 Бирдин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7609
  • EUR78.6694
  • RUB1.0458
Атактуу Ким Кардашьян. Архивдик сүрөт

Башынан тарта согончогуна чейин "тордолгон" Кардашьян. Голивуддагы ирмемдер

© AFP 2019 / Angela Weiss
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1072 0 0

Кардашьяндын кезектеги көйнөгү жарым жылаңачтыгы менен эле эмес, башынан аягына чейин тор экендиги көптөрдүн көңүлүн бурду.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Дүйнөгө өзүнүн кылык-жоруктары жана жүрүм-туруму менен атактуу болгон Ким Кардашьян бул сапар да адаттан тыш кийинип, кайрадан арбын кеп-сөзгө калды. Кезектеги "сюрприз" Голливудда өткөн атактуу ырчы Жон Лежендин туулган күнүндө болду.

28-декабрда Лежен 40 жашка чыккан. Ал туулган күнүнө дүйнөлүк масштабдагы ырчыларды, актерлорду, шоучуларды чакырган. Алардын катарына Ким Кардашьян күйөөсү, рэпер Канье Уэст менен болгон.

Леженд өзү Жеймс Бонддун стилинде ак смокинг, ал эми 33 жаштагы келинчеги алтын көйнөк кийген. Анткен менен той ээлеринин алтын кийими Кардашьяндын жарым жылаңач тор көйнөгүнүн жанында көз жаздымда калды.

"Бул көйнөк эмес эле баштан бутка чейин кийилген тор байпак болуп калган!" — деп жазышты интернет колдонуучулар.

Туулган күндүн колунан телефон түшпөгөн коноктору фотосессия кылып, аны социалдык тармактагы баракчаларына жарыялаган.

Тема боюнча

Чуулгандуу, сексуалдуу. Армян тектүү, 38 жаштагы Кардашьяндын башкача сүрөттөрү
Бир тууган Кардашьяндардын бала кези. Атактуу кыздардын 1995-жылдагы сүрөтү
Белгилер:
туулган күн, байпак, көйнөк, Ким Кардашьян

ЭҢ МААНИЛҮҮ