13:52 24 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7419
  • EUR78.8293
  • RUB1.0936
Двое рабочих убирают снег после сильного снегопада в Обертауэрне, Австрия, 10 января 2019 года

Европанын бир бөлүгүнө 3 метрлик кар түштү. Кесепеттери сүрөттө

© REUTERS / LEONHARD FOEGER
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1302 0 0

Европага жааган калың кар көптөгөн чыгымдарга алып келди. Кардан улам машиналар жүрбөй, поезддер токтоп, мектептер жана башка социалдык объектилер жабылды.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Баварияда Кызыл чырым коому кардан улам жолдо калган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын куткарды. Ал эми Мюнхенден алыс эмес жерде бак кулап, бир баланы басып калганын BBC басылмасы жазды.

Швециянын түндүк аймактары калың кардын алдында калды.

Припаркованный автомобиль покрыт снегом в Гестлинге, Австрия, 9 января 2019 года
© REUTERS / LISI NIESNER
Австрияда бийиктиги 3 метрге жеткен кар түштү

Бавариянын түндүгүндөгү темир жолчулар баарынан көп жабыркаган. Себеп дегенде темир жолго калың кар түшүп, жолду кулаган бак-дарактар бууп калган.

Покрытая снегом машина в Щирке, Польша, 8 января 2019 года
© REUTERS / KACPER PEMPEL
Польшага да калың кар түштү

Бертехсгаден аймагындагы жолду кардан тазалоо үчүн 200дөй аскер кызматкери тартылып, алар коммуналдык кызматка жардам бермекчи.

Мужчина убирает снег после сильного снегопада в Варнгау под Мюнхеном, Германия, 6 января 2019 года
© REUTERS / MICHAEL DALDER
Германияда кар бир топ кыйынчылык жаратты

Ал эми Австрияда абал бир аз жакшырганы менен жума ичинде бийиктиги 3 метрге жеткен кар түштү. Анын кесепетинен жети киши каза болуп, эки турист дайынсыз жоголгон.

Калың жааган кар аэропорттордун иштөөсүн дагы үзгүлтүккө учуратты. Мюнхен аэропортунда 90дой аба каттам токтотулган. Франкфурт аэропорту да бир нече каттамды токтотууга аргасыз болгон.

Рабочие убирают снег из ресторана после лавины на горнолыжном курорте Сантис-Швегальп в Швейцарии. 11 января 2019 года
© REUTERS / ARND WIEGMANN
Швейцариядагы Сантис-Швегальп курортундагы "Швегальп" мейманканасынын айнек эшиктери карды көтө албай сынып, кар имараттын ичине чейин кирип кеткен

Швейцариядагы Сантис-Швегальп курортундагы "Швегальп" мейманканасынын айнек эшиктери сынып, кар имараттын ичине чейин кирип кеткен. Мейманканадагы туристтердин баары чыгарылган.

Мужчина идет по груде снега в пешеходной зоне в центре Берхтесгадена, Германия, 10 января 2019 года
© REUTERS / ANDREAS GEBERT
Кардын калыңдыгынан Бавариянын Герольд айылы башка шаарлар менен байланыша албай калган

Андан сырткары, кардын калыңдыгынан Бавариянын Герольд айылы башка шаарлар менен байланыша албай калган.

Тема боюнча

Кар жаап, туман түшөт. Дем алыш күндөргө карата аба ырайы
Белгилер:
кар, аба ырайы, Швеция, Швейцария, Германия, Европа

ЭҢ МААНИЛҮҮ