Париждеги жардыруу. Төрт адам каза болуп, 50гө чукул киши жабыркады

© REUTERS / BENOIT TESSIERПожарные работают на месте взрыва в пекарне в 9-м округе Парижа, Франция, 12 января 2019 года
Пожарные работают на месте взрыва в пекарне в 9-м округе Парижа, Франция, 12 января 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардыруу нан саткан жайда болгон. Имарат өрттөнүп кетип, жанындагы үйлөрдүн терезелери сынган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Париждеги жардыруудан төрт адам каза болуп, 50гө чукул адам ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады. 

Жардыруу 12-январь күнү эртең мененки саат 9:00дө (Бишкек убактысы боюнча 14:00дө) Париждин чок ортосунда болгон. Төрт адам каза болду деген маалыматты Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастанер Twitter баракчасына жазды. 

"Буга чейин эки өрт өчүрүүчү каза болгон. 10 киши анын ичинде бир өрт өчүрүүчү оор абалда. 37 адамдын абалы орточо", — деди Кастанер. 

ИИМ башчысы кырсыктан жабыркаган адамдардын жакындарына көңүл айтты. 

Жардыруудан нан саткан жай өрттөнүп, жанындагы үйлөрдүн терезелери сынып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0