Непал: этек кири үчүн үйүнөн куулган келин эки баласы менен иске ууланып өлдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЗарубежные страны. Непал
Зарубежные страны. Непал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келини менен неберелеринин сөөгүн эртеси күнү кайненеси таап алган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Непалдын батышындагы айылдардын биринде этек кири келген маалда кыштак четиндеги сарайда жашап жүргөн 35 жаштагы келин менен эки уулунун сөөгү табылды. Бул тууралуу ВВС жазды.

Көрсө, өлкөнүн айрым жерлеринде азыркы күнгө чейин кыз-келиндерди этек кири келип жаткан учурда "терезеси жок үңкүргө" кууп иймей адат сакталып калган экен. Индиядан барган бул салтка 2005-жылы расмий тыюу салынганы менен айрым үй-бүлөлөр дагы деле карманып келери айтылат.

Амба Бохара аттуу келин 12 жана 9 жаштагы уулдары менен бир нече күндөн бери сарайда жашап жүргөн.

"Каргашалуу окуя болор түнү кыштын ызгаарына чыдабай от жагышыптыр. Сарайдын ичи желдетилбеген соң уктагандан кийин үчөө иске ууланып калышкан", — деп жазылат макалада.

Келини менен неберелеринин сөөгүн эртеси күнү кайненеси таап алган.

Баса, бул салтка ылайык "таза эмессиң" деген доомат менен айызы келгендерди гана эмес, жаңы төрөгөн келиндерди дагы үйдөн кууп жиберишет. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0