IPhone аппараты үч камералуу болуп чыгат дешти. Apple жаңылыктары

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүНовые смартфоны iPhone XS Max и iPhone XS
Новые смартфоны iPhone XS Max и iPhone XS - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Смартфондордун арзаныраак түрлөрүн эми башка моделге алмаштырууну көздөп жатышат.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Быйылкы жылдын күз айында америкалык Apple корпорациясы үч камералуу iPhone чыгарууга ниеттенип жатат. Бул туурасында РИА Новости The Wall Street Journal басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

iPhone XS жана XS Max смартфондору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Apple телефондору оңдотууга кеткен акча жагынан рекорд койду
Маалыматта жаңы үч модель чыга турганы айтылган. Басылма аларын бири ЖК дисплейи менен жабдылып, арзан делген iPhone XR түрүн алмаштырары кабарланды. 2020-жылы Apple кымбатыраак OLED-дисплейлерге өтүүнү пландап жатат. Булар азыр XS смартфондорунда колдонулуп келет.

Маалымат булактары компания жаңычылдык киргизерин, алардын ичинде үч камера орнотулган эң кымбат деп саналган модуль болорун айтты. Ал эми калганы эки камера менен жабдыла турганы кошумча кабарланды.

Apple Стив Жобс, Стив Возняк жана Рональд Уэйн тарабынан 1976-жылы негизделген. Учурда башкы кеңсеси Купертинодо (Калифорния штаты) жайгашкан.

Apple компьютерлерди, аудиоплеер, чөнтөк телефон, "акылдуу" сааттарды чыгарып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0