Эки баланын атасы. Швецияда террорчу деп айыпталып жаткан кыргызстандык тууралуу

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
39 жаштагы Атабек Абдуллаев дагы Швециянын аймагында террор уюштуруу жана террордук уюмдарды каржылоо беренеси менен айыпталып жатат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Стокгольмда (Швеция) 7-январда терроризм боюнча айыпталып жаткан борборазиялыктардын сот иштери башталды.

2018-жылдын апрелинен октябрына чейин швед полициясы бул иш боюнча алты адамды кармаса, алардын көбү өзбекстандыктар болуп чыкты. Ошондой эле кармалгандардын арасында бир кыргызстандык бар экени аныкталды. 39 жаштагы Атабек Абдуллаев дагы Швециянын аймагында террор уюштуруу жана террордук уюмдарды каржылоо беренеси менен айыпталып жатат.

Expressen аттуу жергиликтүү гезиттин жазганына караганда, соттолуучулардын бешөө өзбекстандыктар. Алар 30 жаштагы Бахтиёр Умаров, 39 жаштагы Гулям Турдиев, 24 жаштагы Шоахмад Махмудов, 46 жаштагы Дэвид Идриссон менен Акрамжон Эргашов.

Атабек Абдуллаев

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда эки кыргызстандык элди "Хизб ут-Тахрирге" үндөп жүргөнү үчүн соттолду
Кыргызстандын жараны, бирок өзбек тилинде сүйлөйт. 2017-жылы Польшада жүрүп, Швецияда иштөөгө уруксат берген виза алгандан кийин аталган өлкөгө барган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Камакка алынганга чейин жергиликтүү банктын кызматын колдонуу үчүн иштеген жери жөнүндө жасалма маалымкат берип, полициянын чеңгелине илинген. Терроризмге айыпталып кармалган кезде анын чөнтөк телефонунан Стокгольмдогу киши көп жерлердин сүрөттөрү табылган.

Фарход Тошмухаммедов (Дэвид Идриссон)

Өзбекстандын жараны. Катоосу Стокгольмдо, бирок колго түшкөн учурда Стремсунд шаарында жашап жүргөн.

2008-жылы Швецияда качкын макамын алып, атын Дэвид Идриссон кылып өзгөрткөн. 30-апрелде кармалган. Маалыматка караганда, ал эки өнөктөшү менен интернет аркылуу химиялык заттарды сатып алып, ири теракт уюштурууга даярданып жаткан.

​Ошондой эле террордук аракеттеринен кийин өлкөдөн чыгып кетүү үчүн жасалма документ алууга аракет кылып жатканы айтылды.

Бахтиёр Умаров

Стокгольм шаарында каттоодо турган өзбек жараны. Швецияга 2011-жылы үй-бүлөсү менен келип, бир жылдан кийин кетип калган. Кийин Россияда, Түркияда жашаган. 2016-жылы Швецияга жалгыз кайткандан кийин Өзбекстандын атайын кызматтарынан качып жүргөнүн айтып, саясий башпаанек сураган.

Москвада теракт даярдап жаткан согушкерлер кармалды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Москвада теракт даярдап жаткан согушкерлер кармалды. Видео
Анын уюлдук телефонунан 2017-жылдын жаңы жыл түнү Стамбулдун Reina клубуна кол салуучулар менен байланышта болгонунан кабар берген билдирүүлөр табылган.

Гулям Турдиев, Шоахмад Махмудов жана Акрамжон Эргашов оор кылмыштарды каржылоо боюнча айыпталууда.

Учурда алтоо тең күнөөсүз экенин айтып жатышат. 7-январь күнү башталган сот иштери 11-февралга чейин созулат.

Швед укук коргоочулары соттолуп жаткандардын бири Стокгольмдо терракт кылган адам менен байланышы бар экенин айтып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0