Сауд Аравиядагы аялдарга ажырашканы тууралуу чечим SMS менен кабарланат

© AP Photo / Kamran JebreiliЧалмачан киши. Архив
Чалмачан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай реформа мураскор ханзада Мохаммед бин Салман тарабынан ишке ашырылууда.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Сауд Аравияда соттор аялдарга ажырашканы тууралуу билдирүүнү эми SMS аркылуу кабарлашат. Бул тууралуу BBC басылмасы жазды.

Мындай ыкма менен өлкө бийлиги "сырдуу ажырашууларга" чекит коюуга аракеттенүүдө. Себеби айрым эркектер аялы менен ажарышканын ага кабарлабай коюшат.

Вождение автомобиля женщиной в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравияда аялдар биринчи жолу рулга отурду
Юристтердин айтымында, аялдар мындан ары өзүнүн үй-бүлөлүк абалы тууралуу билип турганга мүмкүнчүлүк алышат жана күйөөсүнөн алимент өндүрүү үчүн бардык укуктарын колдоно алат.

Мындай реформа мураскор ханзада Мохаммед бин Салман тарабынан ишке ашырылууда. Ошондой эле аялдар футбол матчтарына барууга укук алды.

Анткен менен Сауд Аравиянын аялдары күйөөсүнүн, атасынын, агасынын же эркек баласынын уруксаты жок паспорт ала албайт, күйөөгө чыга албайт. Керек болсо чет өлкөгө чыкканга, банктан эсеп ачканга укугу жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0