Кытайда 70 жылдан бери биринчи жолу элдин саны азайды

© Sputnik / Мария Плотникова / Медиабанкка өтүүЧанаа ойноп жаткан Пекин шарынын тургундары. Архив
Чанаа ойноп жаткан Пекин шарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар мамлекеттин балдарды көбөйтүү боюнча саясаты ишке ашпай калды дешүүдө.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Былтыр Кытай элинин саны 1,27 миллион кишиге кыскарган. Мындай жыйынтыкка Висконсин (АКШ) университетинин адиси И Фусянь менен Пекин университетинин экономисти Су Цзянь Кытайдын саламаттык сактоо жана төрөлүү боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматтарын иликтеп жатып келишкенин Daily Mail жазды.

Маалыматка ылайык, мындай көрүнүш 70 жылдан бери биринчи жолу болуп жатат.

Кол кармашып бараткан жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канча жылдан кийин ажырашуу кооптуулугу жаралат? Статистика
Былтыркы жылы 2017-жылга салыштырмалуу ымыркайлар 2,5 миллионго аз төрөлгөн. Ал эми окумуштуулар бир жыл мурун "Бир үй-бүлө — бир бала" деп аталган мамлекеттик демографиялык саясат жоюлгандан кийин жарыкка келген балдардын саны кыйла көп болот деп болжолдошкон.

И Фусяндын айтымында, калктын саны мындан ары да кыскара бермекчи. Буга окумуштуу демографиялык чектөөлөрдөн улам көз жарууга жарамдуу курактагы аялдардын азайышы себеп дейт.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндүн жаштары баланы багууга, анын билимине кеткен чыгым капчыкка оордук келтирерин айтып, наристелүү болуудан баш тартып жатканы белгиленди.

Улуттук статистика бюросу элдин саны тууралуу жаңы маалыматтарды айдын аягына чейин жарыялоого белсенип турат. Мекеменин иликтөөсү боюнча 2017-жылы Кытайда 1,4 миллиард адам жашап келген.

Ал эми "Бир үй-бүлө — бир бала" деп аталган мамлекеттик демографиялык саясат 1979-жылы киргизилип, 2016-жылга чейин иштеп келген.

Баса, Кыргызстандын да Статистикалык комитети өлкөдө канча киши жашай турганын, анын канчасы бала, канчасы эмгекке жарамдуу экенин иликтеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0