Испанияда курбусуна "жигит" болуп акчасын алып жүргөн кыз 5 жылга камалды

© AP Photo / Dita AlangkaraТелефон кармап турган кыз. Архив
Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичинде кири жок кыз жалган жигитине 600 еврого буюм, кийим-кече сатып берип, банктык эсебине 500 евро которгон.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Испаниянын соту оорукчан жигиттин кейпин кийип, курбусунун акчасын алдап алып жана ага асылган валенсиялык кызды беш жылга эркинен ажыратты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, соттолгон аял 2016-жылы бир жигиттин атынан социалдык тармактан аккаунт ачып, курбусун аны менен "тааныштырган".

Аялдардын бут кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы эң сулуу кылмышкер кыз полицияга өзү келди
Андан кийин жигиттин кейпин кийген кыз ак кан менен ооруп жүргөнүн айтып, ооруканага керек деген шылтоо менен андан акча, эки смартфон, кийим жана желдеткич жөнөтүүнү сурайт. Ичинде жаман ою жок кыз сатып алууга 600 евро коротуп, банктык эсебине 500 евро которгон.

Кийинчерээк кыз таанышкан "жигити" менен жолугушмак болот. Анда ал ооруулу абалымды көрбөй эле кой деген жүйө менен кыздан көзүн таңып келүүсүн өтүнөт. Учурдан пайдаланып кызга асылып баштаганда, жабырлануучу качып кутулган.

Натыйжада курбусун алдаган кыз беш жылдык жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин дагы беш жыл укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө турмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0