Колготки чуусунан кийин Пентагондун маалымат катчысы иштен кетти

© AP Photo / Charles DharapakШтаб-квартира Министерства обороны США — Пентагон
Штаб-квартира Министерства обороны США — Пентагон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уайт Пентагондо 2017-жылдан бери эмгектенип келген.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Пентагондун маалымат катчысы Дана Уайт өз эрки менен кызматтан кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, Уайттын кол алдында иштегендер былтыркы жылдын август айында анын үстүнөн арыз жазышкан. 

"Кызматкерлердин айтымында, маалымат катчы аларга жеке иштерин бүтүртүп, жада калса колготкисине чейин алдырган күндөр болгон", — деп жазылат макалада.

Ошондон кийин ички иликтөө жүргүзүлүп, бирок Уайт анын жыйынтыгын күтпөстөн эле Пентагон жетекчиси Жеймс Мэттис кызматын тапшырары менен анын артынан кетти. 

Ал Пентагондо 2017-жылдан бери эмгектенип келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0