БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемесинен (ЮНЕСКО) расмий түрдө чыкты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
АКШ ЮНЕСКОдон чыгуу ниетин 2017-жылы октябрда билдирип, 31-декабрдан тарта чечим күчүнө кирди.
Расмий Вашингтон мүчөлүктөн чыкканы менен байкоочу статусуна ээ болуп, мүчөлүк үчүн акча төлөбөйт жана Дүйнөлүк мурастар комитетине шайлана албайт.
Кошмо штаттары буга чейин да 1984-жылы президент Рональд Рейгандын тушунда ЮНЕСКОну антиамериканизм менен ысырапкорчулукка айыптап, уюмдан чыгып кеткен. Бирок 2003-жылы кайра кирген.
АКШ бул жолу араб-израиль жаңжалындагы пикир келишпестиктен улам ЮНЕСКОдон чыгып жатат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси (ЮНЕСКО) 1945-жылы 16-ноябрда түзүлгөн.