Таажы киер алдында "Африка сулуусу" болгон кыздын чачы күйүп кетти. Видео

© AFP / DIBYANGSHU SARKARПоказ моды в Калькутте
Показ моды в Калькутте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчү чачы жалбырттап жатканын алгач сезген эмес.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Нигериянын Калабар шаарында өткөн "Африка сулуусу — 2018" сынагынын финалы чуулуу окуя менен аяктады.

​Иш-чаранын эң кызыктуу бөлүгү, тагыраагы, жеңүүчүгө таажы кийгизүү маалында сахнага орнотулган пиротехниканын учкуну конголук Доркас Касинденин чачына жабышып, жалындап кетти.

​Видеодо көрүнүп тургандай, чачы күйүп жатканын кыз алгач сезген жок. Бирок от көрүнөрү менен алып баруучу жана залда отургандардан 1-2 адам жардам көрсөтүп, аны өчүрүп калышты.

Daily Post сайтынын жазганына караганда, кыз жабыркаган эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0