Түштүккореялыктар иттин этинен жапырт баш тарта баштады

© REUTERS / Kim Kyung-HoonМеждународная выставка товаров для животных Interpets Asia Pacific в Токио
Международная выставка товаров для животных Interpets Asia Pacific в Токио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иттин эти ачарчылыктан улам пайдаланыла баштаган. Негизинен өпкө ооруларына каршы колдонулчу.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Түштүк Кореяда эл иттин этин тамакка пайдалануудан баш тартып жаткан тенденция байкалууда. Бул тууралуу CNN каналынын түштүккореялыктар жөнүндө тарткан репортажынан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, акыркы убакта кореялыктар жаныбарларды үйдө багууга оой баштаган. Бул өз кезегинде иттин этинен жапырт баш тартууга негиз болгон.

"Түштүк Кореяда бул тармак ири бизнеске айланып кеткен. Өлкөдө иттерге арналган мейманканалар, кафелер бар. Бул жактан алар үчүн спа-процедуралар, иттин келбетине кам көргөн кызматтар көрсөтүлөт. Бул аракеттер итке болгон мамиле өзгөрүп жатканынан кабар берет", — дейт CNN кабарчысы Пол Хэнкокс.

Казандагы эт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш менен жаакты эки башка салбайт! Эт бышырууда 7 "болбойт"
Мунун шарапаты менен ит союлчу ири касапкана жабылды. Ал эми жаныбарларды коргоочулар иттин этин сатууга тыюу салууга аракет көрүүдө.

Кореялыктар иттин этин ачарчылыктан улам жеп калганы, негизинен өпкө ооруларына каршы пайдаланганы айтылып келет.

Ал эми алардын Кыргызстанга кандайча келип калганын Sputnik даярдаган лонгридден билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0