Түркияга барчу туристтер эми салык төлөшү керек болот

© Sputnik / Ирина Попова / Медиабанкка өтүүСитуация в международном аэропорту имени Ататюрка в Стамбуле
Ситуация в международном аэропорту имени Ататюрка в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия бардык аэропортторунда коопсуздук чараларын күчөтүүдө. Бирок ага кеткен каражаттын бир бөлүгүн жүргүнчүлөрдүн мойнуна илүүнү көздөгөн.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Түркия 2019-жылдын 1-январынан тарта туристтер үчүн "коопсуздук салыгын" киргизет. Бул тууралуу АТОР агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Түркия көпчүлүк аэропортторунда коопсуздук чараларын күчөтүүдө. Бирок ага кеткен каражаттын бир бөлүгүн жүргүнчүлөрдүн мойнуна илмекчи. Салыкты жаш курагына карабай, бардык туристтер төлөөгө милдеттүү.

"Алгач Түркиянын Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгы ар бир жүргүнчүдөн үч евродон алууну чечкен. Бирок Маданият жана туризм министрлиги аралашып, төлөмдүн өлчөмүн азайтууга аракет кылган", — деп жазылат макалада.

Жыйынтыгында жүргүнчүлөр Адана, Кайсери, Трабзон, Хатай, Эрзурум, Агры, Адыяман, Амасья, Балыкесир, Батман, Бурса, Чанаккале, Денизли, Диярбакыр, Элязыг, Ыгдыр, Ыспарта, Кахраманмараш, Карс, Кастамону, Коджаэли, Конья, Малатья, Мардин, Муш, Орду-Гиресун, Самсун, Сиирт, Синоп, Сивас, Шанлыурфа, Текирдаг, Токат, Ушак жана Ван аба майдандарында ар бир жүргүнчү туристтик сезонго жараша 1 евродон 3 еврого чейин төлөшү зарыл. 

Ал эми TAV оператору тарабынан кызмат көрсөтүлгөн Стамбул, Анталья, Аланья, Миласа-Бодрум, Анкара жана Измир аэропортторуна бул салыктын тиешеси жок. 

Маалыматка караганда, Түркиянын туристтик агенттиктер ассоциациясы бул маселе боюнча чет элдик туроператорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок "коопсуздук салыгын" төлөөнүн шарттары тууралуу расмий документтер жарыялана элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0