Бизден оолак болсо экен! 2030-жылы дүйнөдө рактан канча киши өлөрү айтылды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация по удалению злокачественной опухоли
Операция по удалению злокачественной опухоли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылы ракка 14 миллион адам кабылып, 8,2 миллиону көз жумду.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. 2030-жылы дүйнө жүзүндө онкологиялык оорудан каза болгондордун саны 13,5 миллионго жетет. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун иликтөөсүнө шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты. 

"2015-жылы ракка 14 миллион адам кабылып, 8,2 миллиону көз жумду. Иликтөөлөр боюнча 2030-жылы ооругандардын саны 21 миллионго жетип, анын ичинен 13,5 миллиону каза табат", — деп айтылат макалада.

Маалыматка караганда, учурда жер жүзү боюнча бир жыл ичинде өпкө рагынан — 1,5 миллион, боор рагынан — 1 миллион, жоон ичеги рагынан — 1 миллион жана эмчек рагынан — 0,5 миллион адам каза болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0