Көп кыймылда! Окумуштуулар мээни жашартуунун жолун табышты

© Sputnik / Табылды КадырбековЗабег "Апхилл-2018" на горнолыжной базе "Чункурчак"
Забег Апхилл-2018 на горнолыжной базе Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимий топ жашы 55тен өткөн 160 адамдын катышуусу менен иликтөө жүргүздү.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Улгайып калган куракта кыймыл-аракеттин көп болушу мээнин "карып" кетишинен сактайт. Бул тууралуу Дьюк университетинин (АКШ) окумуштууларына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Илимий топ жашы 55тен өткөн 160 адамдын катышуусу менен иликтөө жүргүздү. Катышуучулардын бардыгы сурамжылоодо эске тутуусу начарлаганын айтышкан.

"Окумуштуулар 160 адамды төрт топко бөлгөн. Биринчи топ алты ай бою жумасына үч ирет аэробикага барган. Экинчи топ туура тамактануу боюнча диетага отурган. Үчүнчү топ аэробика менен бирге диета дагы кармай баштаган. Ал эми акыркы тайпадагылар жашоо образын өзгөрткөн эмес", — деп жазылат макалада.

Жыйынтыгында биринчи жана үчүнчү топтогу адамдардын эс тутуму жакшырып, мээсинин функциясы алда канча толугураак аткарылып калган. Ал эми экинчи жана төртүнчү тайпадагыларда эч кандай өзгөрүү болбогону байкалган.

Мындан улам окумуштуулар кыймыл-аракеттин көп болушу жаш өтүп калган кезде мээнин жакшы иштешине таасир этет деген бүтүмгө келишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0