Жалгыздык жанга батканда. Адамдын кооптуу үч жаш курагы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековУнылая пора! Очей очарованье! — Осенняя столица и ее окрестности
Унылая пора! Очей очарованье! — Осенняя столица и ее окрестности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер 27 жаштан 101 жашка чейинки адамдардын психологиялык абалын иликтеп чыгышкан.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Калифорния университетинин окумуштуулары адамдын жашоосундагы жалгыздык өтө курч сезилген үч мөөнөттү аташты. Бул тууралуу WebMD басылмасына таянып РИА Новости жазып чыкты.

Адистер 27 жаштан 101 жашка чейинки адамдардын психологиялык абалын иликтеп чыгышкан.

"Жалгыздык көбүнесе 27-30, 55-60 жана 80 жаштан кийин жанга батып, катуу сезилет", — деген бүтүмгө келишти окумуштуулар.

Көрсө, 27-30 жаштагы адамдар тандап алган жолдун тууралыгынан күмөн санап, өзүн теңтуштары менен салыштырып, өзүнөн-өзү обочолонуп калат экен. Ал эми 55 жаштан өткөн киши ден соолугунан жабыркап, көп жакка чыга албай, жалгызсырап калат. 80 жаштан өткөн карыялар жакындарынан, санаалаштарынан айрылып, өзүн жалгыз сезе баштай турганы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0