Дүйнөдөгү эң бай кишилердин быйыл жоготкон каражаты эсептелди

© AP Photo / Reed SaxonAmazon компаниясынын ээси Жефф Безос. Архив
Amazon компаниясынын ээси Жефф Безос. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизменин башында Amazon компаниясынын ээси Жефф Безос турат. Ал бир жылда 53 миллиард долларынан кол жууган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң бай адамдар быйыл 511 миллиард долларынан кол жууганын Bloomberg басылмасы жазып чыкты.

Ага ылайык, акчасынан ажырагандардын сап башында Amazon компаниясынын ээси Жефф Безос турат. Ал бир жылда 53 миллиард доллардан айрылган. Анын акциялары жыл ичинде 168 миллиард доллар деп бааланса, жыл аягында 115 миллиард долларды гана түзгөн.

Америкалык жазуучу Жеймс Паттерсон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Forbes журналы 2018-жылдын эң бай жазуучуларын атады
Жалпысынан алганда америкалык миллиардерлер (тизмеде 173 ишкер бар) бир жылда 5,9 пайыз капиталынан кол жууган. Алардын байлыгы азыр 1,9 триллион доллар деп бааланууда. Ал эми Азиядагы эң ири ишкерлердин байлыгы 144 миллиард долларга азайган.

Аналитиктердин эсеби боюнча Европадагы миллионерлердин да тапкан акчасы азайган. Атап айтканда, автоунаалардын дөңгөлөгүн чыгарчу Continental AG компаниясынын ээси Шеффлерлердин үй-бүлөсү 17 миллиард доллардан кур калган.

Жыл жыйынтыгы менен акчасын жоготкондордун арасында россиялык ишкерлер да бар. Алардын сап башын алюминий чыгарган "Русал" компаниясынын ээси Олег Дерипаска турат. Ишкер 5,7 миллиард долларынан ажыраган. Андан сырткары, "Новатэк" газ компаниясынын өкүлдөрү — Леонид Михельсон менен Геннадий Тимченко жана "Лукойлдун" ээси Вагит Алекперов 9 миллиард доллар жоготушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0