NASA жерге "майрамдык" астероид жакындап калганын эскертти

© NASA / JPL-Caltech / GSSR / NSF / GBOЖерге уламдан улам жакындап жаткан 2003 SD220 астероиди
Жерге уламдан улам жакындап жаткан 2003 SD220 астероиди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астероид акыркы 400 жыл ичинде Жерге 2,9 миллион чакырымга жакындаган.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. NASA жерге уламдан улам жакындап жаткан астероиддин сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Планета Марс - Sputnik Кыргызстан
NASA биринчи ирет Марстагы шамалдын үнүн жаздырып алды
Окумуштуулар 2003 SD220 сыртынан дарыяда сүзүп бараткан бегемотко окшошуп кетерин белгилешет. Астероид Рождество майрамына чейин пайда болгондуктан NASA аны "майрамдык" астероид деп атап койгон.

Анын узундугу 1,6 чакырымга жеткендиктен Жер үчүн кооптуу деп эсептелет. Бирок окумуштуулар жакынкы жылдары коркунуч жаратпай турганын белгилешүүдө.

Адистер маалымдагандай, акыркы 400 жыл ичинде 2003 SD220 Жерге 2,9 миллион чакырымга жакындаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0