Сунган колду суутуп... Трамптын белегин албай койгон Тереза Мэй

© REUTERS / HANNAH MCKAYБританиялык премьер-министр Тереза Мэй жана АКШ президенти Дональд Трамп. Архив
Британиялык премьер-министр Тереза Мэй жана АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде белектин баасы 140 фунттан ашып кетсе, аткаминер баш тартып же кошумча акча берип, андан соң гана кабыл алышы керек.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Британиялык премьер-министр Тереза Мэй АКШ президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелания белек кылган тартууну албай койгон. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Кызматкер аялдын чачын уйпалап. Еврокомиссиянын президенти Юнкердин окуясы - Sputnik Кыргызстан
Кызматкер аялдын чачын уйпалап. Еврокомиссиянын президенти Юнкердин окуясы
АКШ жетекчиси менен жубайы Улуу Британия өкмөтүнүн башчысына аялдар үчүн атайын кооздолгон буюм жана аны сала турган кутусун ала барган. Мэйге берилген тартуунун кандай экени ачык айтылбаганы менен наркы 140 фунттан (180 доллар) жогору болгону кабарланган. Улуу Британияда өкмөттүн мүчөлөрү жогоруда айтылган суммадан өйдө болгон белектерди кабыл алууга болбойт деген мыйзам бар. Эгерде 140 фунттан ашып кетсе, аткаминер баш тартып же кошумча акча берип, андан соң гана кабыл алышы керек. Тереза Мэй белекти алыш үчүн кошумча бере турган сумма өтө эле жогору болуп кеткендиктен, зер жасалганы Трамптарга кайра кайтарганын айткан.

Анткен менен Мэй 2018-жылдын сентябрь айында чебер зергер Мирта Фрозининин тартуусун алып, ага кошумча акча төлөп берген. Маалыматта ал жогоруда кеп болуп жаткан белек 140 фунттан кымбат болгону айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0