Окумуштуулар оройлук менен уйкусуздуктун байланышын айтышты

© AFP / ED JONESОфис кызматкерлери. Архив
Офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумушка байланышкан негативдүү ойлор уйкуну буза турганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жумуштагы кыжыр кайноо, орой мамиле уйкусуздукту шарттайт. Бул тууралуу окумуштууларга таянуу менен "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Мындай жыйынтыкка АКШдагы Портленд жана Иллинойс университеттеринин окумуштуулары келгени Occupational Health Science журналына басылган.

"Оройлук жумуштан сырт жүргөндөгү негативдүү ойлор менен байланышта, бул уйкусуздукка алып келет. Мындан сырткары, өнөктөшүнүн да уйкусуздукка кабылышын шарттайт", — деп айтылат макалада.

Психологдор эки түгөй тең иштеген 305 жупту сурамжылаган. Анда жумушта оройлукка кабылар-кабылбасы жана үйгө кетип жаткандагы маанайдын кандай болору тууралуу суроо берилген.

Натыйжада жумушта кабылган орой мамиле туралуу ойлонуу, сарсанаа болуу уйкусуздукту шарттай турганы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0