Смартфондун кубатын тез отургузган вирус тарады. Кантип сактануу керек

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПленарное заседание Госдумы РФ
Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кооптуу катары 20 тиркеме табылып, алардын бардыгы Google Play дүкөнүнөн алып салынды.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Киберкоопсуздук боюнча адистер Android платформасындагы смартфондордун зарядын бат эле түгөтүп салчу вирусту таап алышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды. 

Хакер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хакерлер башка бирөөнүн почтасын, социалдык баракчасын бузуп берүүгө даяр. Баасы
Маалыматка караганда, "оору жугузуп алган" тиркемелерди колдонуучулар Google Play дүкөнүнөн көчүрүп алган. Andr/Clickr-AD деп аталган вирус колдонуучунун каалоосуна карабастан, өзүнөн-өзү рекламалык шилтемелерге кире берет. Мунун айынан смартфон менен планшеттер энергияны көбүрөөк сарптай баштайт.

Кооптуу катары 20 тиркеме табылып, алардын бардыгы Google Play дүкөнүнөн алып салынды. Бирок аны ушул убакка чейин эки миллион колдонуучу көчүрүп алууга жетишкен.

Адистер мындан жабыркагандарга смартфонунун заводдон чыккан абалындагыдай кылып жаңылап алууну сунуштайт. Албетте, бул учурда аппаратта буга чейин сакталган маалыматтын бардыгы өчүп калат. Ошондой эле ар дайым вируска каршы программаларды колдонуу керектиги айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0