Эмне үчүн аялдар эркектен көп жашайт? Генетиктердин жообу

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКөл жээгинде отурган аял жана эркек. Архив
Көл жээгинде отурган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, аялдын хромосомалары — ХХ, ал эми эркектики — ХY.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Аялдардын эркектерге караганда көбүрөөк жашашы жыныстык хромосомалары менен байланыштуу. Бул тууралуу Сан-Францисконун Калифорния генетикалык университетине шилтеме берип Aging Сell сайты жазды.

Сууга түшүп жаткан кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Британиялык окумуштуулар өмүрдү 10 жылга узартуунун жолун айтышты
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, адамдын жашоосунун узактыгы орто эсеп менен 71 жылды түзөт. Бирок аялдар эркектерге караганда узагыраак жашайт. Буга чейин муну эркектердин спирт ичимдигине, чылымга жана баңгизатка жакындыгы менен байланыштырып келишкен.

Бирок генетиктер аялдын узагыраак жашашына таасир эткен дагы бир себепти табышты. Бир топ жылга созулган иликтөөдө Х хромосомалары Y хромосомаларына караганда күчтүү болору аныкталды.

"Y хромосомалары жашоо үчүн өтө маанилүү гендерди сактабайт. Андыктан анын аз болушу ден соолукка чоң таасирин тийгизбейт. Ал эми Х хромосомаларынын тартыштыгы гендин ишин бузуп, организмди өлүмгө дуушар кылышы мүмкүн", — деп айтылат макалада.

Белгилей кетсек, аялдын хромосомалары — ХХ, ал эми эркектики — ХY.

Мындан улам окумуштуулар Х хромосомасы көп болгондуктан, аялдар узагыраак жашайт деген бүтүмгө келишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0