БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кельн университетинин (Германия) окумуштуулары уйкусу канбаган адам зыяндуу азыктарды көп жеп жана ашыкча салмак кошорун айтты. Бул туурасында Eurekalert! басылмасы жазды.
Иликтөөгө 19-33 жаштын ортосундагы 32 киши катышкан. Тажрыйбага алынгандардын мээси кантип иштеп жаткандыгын томографияга бир аптада бир нече ирет тартып турушкан. Алардын мээсин сканерлөө алдында тамагын ичип, бир катары үйүнө уктап келсе, бир нечеси лабораторияда түнөп, андан соң текшерилген.
Андан соң тажрыйбага катышкандардын мээсин сканерден тартып жаткан учурда тамак-аштын же жөн эле буюмдун сүрөтүн көрсөтүшкөн. Ыктыярчылардан эки секунд ичинде "керек" же "керексиз" деген пикирин айтууну суранышкан. Анын жыйынтыгы уйкусуздук башка буюмдарга караганда тамак-аштын баалуулугун арттырганын көрсөткөн. Ошол эле учурда мээнин чечим кабыл алуу милдетин аткарган бөлүгү тез иштегени байкалган. Окумуштуулар мындан улам уйкусу канбагандар ашыкча тамактанып, толуп кетүү тобокелдиги бардыгын айтышкан.
Буга чейин окумуштуулар уйку канча саатта жакшы канарын айтып беришкен.