Volkswagen Россиядан 4 миңден ашуун автоунаасын чакыртып алууда

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүЗавод Volkswagen в Калуге
Завод Volkswagen в Калуге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чакыртууга кабылган 2017-2018-жылдары сатыкка чыккан Volkswagen Tiguan автокөлүктөрү болду.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Volkswagen автоконцернинин Россиядагы расмий өкүлчүлүгү "Фольксваген Груп Рус" Tiguan деп аталган 4,32 миң даана автоунаасын чакыртып ала тургандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Росстандарт аталган түрдөгү автокөлүктөрдүн үстүндөгү терезесинин светодиод модулунда кемчилдик бар экендигин билдирген.

"Volkswagen Tiguan автоунаасын заводдун чакыртып алуу себеби эстетикалык жарык берген светодиоддук модулдун ичине суу кирип кетүү кооптуулугу болгон. Эгерде мындай учур катталса, аталган модулдан учкун чачырап, андан ысык бөлүнүп чыгышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Nissan автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Nissan Россиядан 128 миң автоунаасын чакыртып алды
Чакыртууга кабылган 2017-2018-жылдары сатыкка чыккан Volkswagen Tiguan автокөлүктөрү болду. Анда салонго эки тараптан — айдоочу жана жүргүнчү отурган алдыңкы орундардан кабель-адаптерлер тартылары, алар электр тогу менен аталган модулдун ортосунда жайгаштырылары кабарланган. Бул кошумча оңдоо иштерин темир тулпар ээлерине бекер жасап беришет.

"Фольксваген Груп Рус" уюмунан аталган автоунаалардын ээлерин дилерлик жакынкы жайларга барып, тиешелүү оңдоо иштерин жасатып алуу зарылдыгын айтышкан.

2017-жылдын башында Кытайдагы Volkswagen автоконцерни тормоздук системасынан чыккан кемчиликтерден улам 50 миң унааны кайра чакырткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0