Ден соолукту жабыркатчу чаңдын курамындагы заттар аталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧан көчөдө бараткан адамдар. Архив
Чан көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын аныкташынча, триклозан микроорганизмдин генетикалык кодун өзгөртөт.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Американын Түндүк батыш университетинин окумуштуулары чаңдын курамында триклозан аттуу зат бар экенин аныктап, ал түрдүү микроорганизмдердин бактерияга каршы дарыларга туруштук берерин аныкташты. Илимий изилдөөнүн жыйынтыгы Science Alert сайтына жарыяланды.

Илимпоздордун айтымында, триклозан микроорганизмдин генетикалык кодун өзгөртөт. Андыктан алар бактерияга каршы түрдүү каражаттарды көп сезбейт.

Адистер, андан сырткары, спорт залдагы, бардагы, китепканадагы жана киши көп топтолгон жердеги чаңдын курамында да триклозан заты бар экенин айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0