Таза суу тартыш боло баштайт. Окумуштуулардын иликтөөсү

© REUTERS / MIKE HUTCHINGSКургап калган жер. Архив
Кургап калган жер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамгырдын көп жаашы селди шарттап, таза суу корун толтурууга жолтоо болору маалымдалды.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жаңы Түштүк Уэльс университетинин окумуштуулары климаттын ысык боло башташы менен таза суу тартыштыгы күчөй турганын айтышты. Иликтөө Phys.org басылмасына чыкканын РИА Новости жазды.

Тегеран шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азиянын ири шаары жер алдында калышы мүмкүн
Окумуштуулар дарыялардын абалына көз салган 43 миң метеостанциянын жана беш миңден ашуун көзөмөл пунктунун маалыматын изилдеп чыгышкан. Натыйжада аба ырайынын өзгөрүүсү жаан-чачындын көбөйүшүнө алып келери, бирок дарыялардагы суунун деңгээли баары бир төмөндөп жатканы аныкталган.

Профессор Ашиша Шарма жаан-чачындын суусу дарыяларга эмес, жерге сиңип кетип жатканын белгилеген. Адистер жаан-чачындын суусунун дээрлик 64 пайызы жер кыртышында каларын айтышты.

Суунун азайышы түшүмдүн начарлашына алып келет. Өз кезегинде жамгырдын көп жаашы селди шарттап, таза суунун корун толтурууга жолтоо болору маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0