Аялдар үчүн эң жөнөкөй диета айтылды

© AFP / CHRISTIAN CHARISIUS / DPAСалат. Архив
Салат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина кызматкерлери 12 жыл бою бир диетаны кармаган аялдарга көз салышкан.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Гарвард университетинин медицина мектебинин окумуштуулары аялдар үчүн эң пайдалуу болгон жөнөкөй диета кайсы экенин аташты. Бул тууралуу Eurekalert илимий журналы жазып чыкты.

Толук адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диетологдор чыккан курсактан арылуунун жөнөкөй жолун сунуштады
Изилдөөлөргө ылайык, жер ортолук деңиз диетасы (курамында өсүмдүктөр көп, бирок эт менен таттуулар чектелүү) эң жөнөкөй болуп саналат. Аталган диетада эртең мененки тамакка помидор менен куурулган жумуртка, түшкү жана кечки тамакка балык же тоок эти сунушталат. Андан сырткары, өсүмдүктөрдөн жасалган салат кошулат.

Окумуштуулардын аныктамасы боюнча дал ушундай диетаны карманган кыздар ашыкча салмактан арылып, жүрөк кан тамыр ооруларынын өрчүшү 25 пайызга азайган. Окумуштуулар мындай корутундуга 25 миңден ашык аял катышкан изилдөөнүн жыйынтыгында келишкен. Алардын ден соолугун 12 жыл бою көзөмөлгө алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0