Жер шарындагы дээрлик 4 млрд. кишинин интернетке чыгууга мүмкүнчүлүгү бар

© AFP / ROBYN BECKНоутбукта видео көрүп жаткан аял. Архив
Ноутбукта видео көрүп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы 13 жылда Африка мамлекеттеринде интернеттин жайылышы 2,1 пайыздан 24,4 пайызга чейин жогорулаган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. 2018-жылдын аягында жер шарындагы 3,9 миллиард киши интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Бул жалпы калктын 51,2 пайызын түзөт. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Эл аралык электробайланыш уюмуна таянуу менен билдирди.

Белгилүү теле алып баруучу Олжобай Токтосунов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Токтосунов: теленин ордун интернет басты деп айтууга абдан эрте
Ага ылайык, тийиштүү изилдөөнү БУУнун маалымат технологиялары боюнча адистери жасашкан. Алардын маалыматы боюнча акыркы 13 жылда Африка мамлекеттериндеги калктын интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк алган бөлүгү 2,1 пайыздан 24,4 пайызга чейин өскөн.

Ал эми өнүккөн мамлекеттерде бул көрсөткүч 51,3 пайыздан 80,9 пайызга чейин, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 7,7 пайыздан 45,3 пайызга чейин жогорулаган. Орточо эсеп менен алганда интернеттин жайылышы КМШ мамлекеттеринде 71,3 пайызды түзсө, Европа мамлекеттеринде 79,6 пайыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0