Парижде митингге чыккандарга полиция жаш чыгарган газ чачты

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүФранциянын борбор калаасында "сары кемселчендердин" нааразычылык акциясы
Франциянын борбор калаасында сары кемселчендердин нааразычылык акциясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-ноябрдан бери Франциянын борбор калаасында "сары кемселчендердин" нааразычылык акциясы өтүп жатат.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Париж полициясы шаардын чок ортосуна митингге чыккан элге көздөн жаш чыгара турган газ чачты. Бул тууралуу жеринде жүргөн кабарчысына шилтеме берип РИА Новости жазды.

​Белгилей кетсек, 17-ноябрдан бери Франциянын борбор калаасында "сары кемселчендердин" нааразычылык акциясы өтүп жатат. Алар негизинен күйүүчү майдын кымбатташына каршы болуп, шаарда башаламандык жаралды.

"Бүгүн тартип сакчыларына таш, бөтөлкө ыргытылгандыктан, алар жооп иретинде жаш чыгара турган газ чачты. Бирок эки тараптан тең оор жаракат алгандар жок", — деп жазылат макалада.

Маалыматка караганда, ушул тапта полиция 480 адамды кармап, алардын 211и камакка алынды. Учурда митингде 1,5 миңден ашуун адам жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0