АКШда бир ай ичинде экинчи өлүм жазасы аткарылды

© AFP / PAUL J. RICHARDSӨлүм жазасы. Архив
Өлүм жазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай катаал кадам АКШда беш жылдан бери аткарыла элек болчу.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Американын Теннеси штатында түрмөдө отурган кишини электр столуна отургузуп, өлүм жазасына тартышты. Бул туурасында РИА Новости Tennessean гезитине шилтеме кылып жарыялады.

Бул бир ай ичиндеги бийликтин өлүм жазасын экинчи ирет аткарып жаткан учуру.

Насилие над детьми в КР - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
КРде педофилдин курмандыгы болгондор арбыды. "Өлүм жазасын киргизүү керекпи?"
1981-жылы акылы кем оорукчан кызды өлтүргөндүгү үчүн Дэвид Эрл Миллер өлүм жазасына тартылган. Ал түрмөдө бул күндү 36 жыл отуруп күткөн. Дэвид Эрл Миллер өмүрү менен коштошкон учурда 61 жашта болгон.

Жергиликтүү мыйзамга ылайык, 1999-жылга чейин кылмыш кылгандардын өлүмдүн эки жолунун бирин тандап алганга укугу бар. Бири — электр столунда отуруп жан берүү, экинчиси — ийне сайдырып өлүм жазасын алышат.

Мындай катаал кадам АКШда беш жылдан бери аткарыла элек болчу. Акыркы ирет өлүм жазасы 2013-жылы Виргиня штатында жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0