30 секундда 25 миң киши өлгөн... Армениядагы зилзала тууралуу илимпоздун маеги

© Sputnik / Igor Mikhalev / Медиабанкка өтүүСпитактагы жер титирөөдөн каза болгондор. Архив
Спитактагы жер титирөөдөн каза болгондор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан 30 жыл мурун 7-декабрда Арменияда катуу жер титирөө болуп, 30 секунд ичинде өлкөнүн бир топ аймактары кыйроого учураган. Жаратылыш кырсыгынан 350 айыл, 21 шаар катуу жабыркап, 25 миңдей тургун каза болуп, 140 адам майып болуп, жарым миллиондон ашык жаран турак жайсыз калган.

Ошол кыйын кезеңде бардык Советтик республикалар армяндарга кол сунуп, жардамын аяган эмес. Алардын арасында кыргызстандык жаш окумуштуу, техника илимдеринин кандидаты, инженер Жолочу Асанкулов да болгон. Илимпоз өзү ойлоп тапкан техникасы менен Арменияга барып, калыбына келтирүү иштерине катышкан. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы оор учурду эскерип окумуштуу менен маек курду.

© Sputnik / Табылды КадырбековТехника илимдеринин кандидаты Жолочу Асанкулов Арменияга өзүнүн 20га жакын кесиптеши менен барган
Кыргызский ученый, кандидат технических наук, инженер Жолочу Асанкулов - Sputnik Кыргызстан
Техника илимдеринин кандидаты Жолочу Асанкулов Арменияга өзүнүн 20га жакын кесиптеши менен барган

— Сиздерди Арменияга 1988-жылы жергиликтүү бийлик атайын жиберген да?

— Жок. Бул демилге окумуштуулардын өздөрүнөн чыккан. Биздин жетекчи Олег Алимов башында туруп, 20 киши чогуу бардык. Алимов ал жакта дагы бизге баш-көз болуп жүрдү.

— Ошол ирмемдерди эстеп көрсөңүз, элдин абалы, шаарлар?..

— Биз негизи Арменияга эрте эле бармакпыз. Бирок кете турган күнүбүз кайра-кайра жылып отуруп, 1989-жылы 1-январда учтук. Түндө Спитак шаарына келсек, өтө коркунучтуу экен. Үйлөр жер титирөөдөн улам чөмөлөдөй болуп үйүлүп калган, тогуз кабаттуу имараттардын жерде туурасынан жатканын көрөсүң. Анан кыйраган үйлөрдүн ортосунан ичке жолду ачып коюшуптур. Бирин-серин жерде эле үйлөр көрүнбөсө, шаар жер менен жексен болуп, чоң таштанды талаасына окшошуп калыптыр. Калк оор депрессияда болчу.

© Sputnik / Alexander Graschenkov / Медиабанкка өтүүАнда Спитак, Ленинакан (азыркы Гюмри), Кировакан (азыркы Ванадзор) жана Степанаван шаарлары кыйроого учураган
Анда Спитак, Ленинакан (азыркы Гюмри), Кировакан (азыркы Ванадзор) жана Степанаван шаарлары кыйроого учураган - Sputnik Кыргызстан
1/3
Анда Спитак, Ленинакан (азыркы Гюмри), Кировакан (азыркы Ванадзор) жана Степанаван шаарлары кыйроого учураган
© Sputnik / R. Mangasaryan / Медиабанкка өтүүЗилзаладан 25 миңдей тургун каза таап, 140 адам майып болуп, жарым миллиондон ашык жаран көчөдө калган
Зилзаладан 25 миңдей тургун каза таап, 140 адам майып болуп, жарым миллиондон ашык жаран көчөдө калган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Зилзаладан 25 миңдей тургун каза таап, 140 адам майып болуп, жарым миллиондон ашык жаран көчөдө калган
© Sputnik / Igor Mikhalev / Медиабанкка өтүүЖер титирөөдөн 350 айыл, 21 шаар катуу жабыркап, жараксыз болуп калган
Жер титирөөдөн  350 айыл, 21 шаар катуу жабыркап, жараксыз болуп калган - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жер титирөөдөн 350 айыл, 21 шаар катуу жабыркап, жараксыз болуп калган
1/3
Анда Спитак, Ленинакан (азыркы Гюмри), Кировакан (азыркы Ванадзор) жана Степанаван шаарлары кыйроого учураган
2/3
Зилзаладан 25 миңдей тургун каза таап, 140 адам майып болуп, жарым миллиондон ашык жаран көчөдө калган
3/3
Жер титирөөдөн 350 айыл, 21 шаар катуу жабыркап, жараксыз болуп калган

— Жапа чеккен элге ошол учурдагы Кыргыз ССРи кандай жардам көргөзгөн? Кыргызстандыктар боз үйлөрүнө чейин алып барганын уккан элем.

— Ооба. Ал жакка боз үй алып барып тигип, айдоочу, куруучу жана куткаруучулар үчүн чоң лагерь жайгашкан. Окумуштуулар алардын жанында отурукташканбыз. Негизинен ал кезде бирдиктүү чоң мамлекет болгондуктан аларды өзүбүздүн бир тууганыбыз катары эсептечүбүз да. СССРдин аймагында эмне өндүрүлсө, бардыгы жиберилген. Башкалар сыяктуу биз дагы гуманитардык жардам алып барганбыз. Анда тамак-аштан тарта оор техникага чейин жеткирилген. Биз менен чогуу тикесинен тик туруп Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин биринчи орун басары барып, штабды жетектеп жүрдү. Жадакалса, республикадагы мектептердеги окуучулар да армяндарга жардам беребиз деп акча, кийим, китеп чогултканы эсимде. Эл бул иштерди өз эрки менен биримдикте жасачу.

— Өзүңүз иштеп чыккан техниканы атайын Арменияга алып барып пайдаланыптырсыз. Анын жардамы кандайча тийди?

— Ал техника мурун "Манас" аэропортунун реконструкциясында жана облустардагы ири ишканаларда колдонулуп келген. Катуу жер кыртышын кыйынчылыксыз 1,2 метрге чейин казып, темир жана бетон менен куюлган аянттарды да эптей алчу. Ага өзүмдүн алты ойлоп табуумду кошуп, жаш илимий кызматкер болуп жүргөн кезде чогулткам. Зилзала болгон маалда техника Болгариядагы эл аралык көргөзмөдө болчу. Биз Кыргызстандан чогулуп Арменияга жол тартканда унаа учак аркылуу ал жакка алынып келмек. Жаратылыш кырсыгы болгон аймакка барганда техникабызды жеткирип коюшуптур. Инфраструктураны калыбына келтирүүдө канализация, суу түтүктөрүн, байланыш түйүндөрүн салууда колдондук. Ошол маалда ал жерде эч бир ишкана иштебей, бардыгы жарактан чыгып калган эле. Башында турак жайдын алдында калган адамдарды издөө жана куткаруу ишинде, жараксыз абалга кептелген үйлөрдү акырындык менен бузууда пайдаландык. Себеби экскаватор, кранга жардам керек болуп калчу. Ошондо биздин техника чоң көлөмдөгү бетондорду кыйынчылыксыз бөлүп берчү.

© Фото / из личного архива Жолочу АсанкуловаИнженер Асанкулов Арменияга өзү иштеп чыккан техникасын алып барып, аны менен жергиликтүү инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардамдашкан
Кыргызский ученый, кандидат технических наук, инженер Жолочу Асанкулов - Sputnik Кыргызстан
Инженер Асанкулов Арменияга өзү иштеп чыккан техникасын алып барып, аны менен жергиликтүү инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардамдашкан

— Адам өмүрүн сактап калган учурлар болдубу?

— Биз кичине кеч келип калдык. Биринчи топ менен барган кыргызстандыктар үйдүн алдында калган адамдарды куткарганга катышты. Биз менен чогуу келгендер кээде гана тургундарды куткарып калган учурлары болгон. Бирок анда имараттын алдынан тирүү адамды таап чыгуу мүмкүн эмес болуп калган. Убакыт өтүп кеткендиктен сөөктөр эле чыкчу. Эсимде, бир жолу Спитак шаарына барып калсак, ал жакта оор техниканын жардамы менен кыйраган үйлөрдү атайын ээн талаага ташып чыгышыптыр. Ошондо каза болгон бир топ кишини көрдүм. Кудай андайды бербесин.

— Кыргызстанга кайра кайтканда техниканы эмне кылдыңар?

— 1989-жылы январь айынын аягында бардыгыбыз мекенибизге кеттик. Ошол маалда Новосибирскиден ири курулуш бригадасы келди. Алгач биз өзүбүздүн техникабызды кандай колдонуу керек экендигин үйрөтүп, анан аларга калтырып кеттик.

© Фото / из личного архива Жолочу АсанкуловаАсанкуловдун техникасы темир жана бетон менен куюлган аянттарда иштей алган
Кыргызский ученый, кандидат технических наук, инженер Жолочу Асанкулов - Sputnik Кыргызстан
Асанкуловдун техникасы темир жана бетон менен куюлган аянттарда иштей алган

— Армян элинин эмнеси таң калтырды?

— Ошол маалда ишканалар токтоп калып, жергиликтүүлөр гуманитардык жардамды бөлүштүрүү менен алек болуп калган. Башка республикадан келгендер инфраструктураны калыбына келтирүү иштери менен алек. Ошондо мени бир нерсе аябай таң калтырды. Армяндардын чет өлкөдө жашаган диаспоралары өтө ынтымактуу экен. Алар туугандарына дүйнөнүн булуң-бурчунан жардамын жиберип турушту. Элестекиле, күндө поезд менен финдердин даяр жыгач үйлөрү, ири санда заманбап техника, унаалардын түрлөрү, азык-түлүк келип жатты. Мунун баарын диаспоралар салышчу. Анан армяндар кыргыздардай тууганчыл эл экен. Жер титирөөдөн кийин көчөдө калган адамдарды таптакыр көргөн жокмун. Алардын көпчүлүгү туугандарыныкында баш калкалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0