Huawei жетекчисинин кызы кармалды. Кытай менен АКШнын тиреши курчуйбу

© REUTERS / Philippe Wojazer / File PhotoHuawei компаниясынын логотиби. Архив
Huawei компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ Huawei компаниясын жашыруун тыңчы деп айыптап келет.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Канаданын бийлиги кытайлык Huawei Technologies компаниясынын жетекчисинин кызы, ишкананын финансылык директору Мэн Ванчжоуну кармады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

АКШ Мэн Ванчжоуну Американын Иранга каршы соода санкциясын бузду деген шек менен аны экстрадициялоону Канададан сурап жатат.

"Мэн Ванчжоу 1-декабрь күнү Ванкуверде кармалган. Эми аны АКШ сурап жатат. Күрөө тууралуу соту жума күнгө белгиленди", — деди Юстиция министрлигинин өкүлү Айан Мак-Леод.

Кытайдын Канададагы элчилиги Мэн Ванчжоунун кармалышын адам укуктарынын одоно бузулушу деп сыпаттап, топ-менеджерди кое берүүнү талап кылууда. Ал эми Huawei компаниясы финансы директору эч кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге барбаганын жар салды.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Мэн Ванчжоунун кармала турганын мурда эле билгенин айтты.

АКШнын санкциялары тууралуу

Флаг ОПЕК - Sputnik Кыргызстан
Катар ОПЕКтен чыкканы жатат. Себеби айтылды
АКШнын президенти Дональд Трамп май айында Иран менен болгон өзөктүк курал боюнча келишимден чыгарын жар салган. Ал ошондой эле Иранга каршы санкциялардын бардыгы калыбына келтирилерин, ошондой эле Иран менен бизнес кылгандарга дагы санкция киргизилерин билдирген.

Вашингтон Иран мунайынын экспортун нөлгө жеткирүүнү көздөп жатканын жарыялап, башкаларды дагы алардан мунай сатып алуудан баш тартууга чакырган. АКШнын Иранга каршы кошумча санкциялары 5-ноябрда күчүнө кирген.

Кытайдын реакциясы

Кытай Эл Республикасы Мэн Ваньчжоуну кое берүүнү талап кылып жатканын Кытайдын ТИМинин расмий өкүлү Гэн Шуан билдирди.

"Кытай тарап өзүнүн позициясын Канадага да, АКШга да маалымдады. Биз алардан Ваньчжоунун кармалышына түшүндүрмө берүүнү жана аны тез арада кое берүүнү талап кылабыз", — деди дипломат.

Кытайдын Канададагы элчилиги дагы Ваньчжоунун кармалышы боюнча үн катты.

"Биздин жаран Американын дагы, Канаданын дагы бир да мыйзамын бузган жок. Кытай адам укуктарын бузуп жаткан мындай аракеттерге каршы турат", — деп элчиликтин сайтындагы маалыматта айтылат.

Huawei компаниясын тыңчы деген АКШ

АКШнын администрациясы союздаш бир нече өлкөлөрдөгү элди интернет жана зымсыз байланыш менен камсыздаган провайдерлерди Huawei компаниясынын жабдыктарынан баш тартууга чакырып келерин Wall Street Journal гезити ишенимдүү маалымат булагына шилтеме берип жазды.

Маектешинин айтымында, АКШ провайдерлери Huawei компаниясынын кызматтарын кеңири колдонгон Германия, Италия жана Япониядагы аскер базаларынын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатат.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында ЦРУ, АНБ, ФБР жана Пентагондун жогорку кызматтагы өкүлдөрү Кытайдын смартфондору америкалык сатып алуучулардын коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтышкан.

Ал эми Huawei дүйнөнүн 170 мамлекетинде иш жүргүзүп өкмөт менен колдонуучулардын ишенимине киргенин жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0