Өтүп бара жаткан жылдын мыкты тасмалары аталды

© AP Photo / Matt Kennedy/Marvel Studios-Disney via APРайн Куглердин "Черная пантера" тасмасынан кадр. Архив
Райн Куглердин Черная пантера тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө баага мексикалык режиссер Альфонсо Куарондун "Рома" тасмасы татыган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Американын киноискусство институту 2018-жылдагы 10 мыкты тасманы атады.

РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, уюмдун тандоосу боюнча алдыңкы үчилтикке режиссер Брэдли Купердин "Звезда родилась", Райн Куглердин "Черная пантера" жана Йоргос Лантимосттун "Фаворитка" тасмалары илинген.

Аны менен катар режиссер Жон Красинскинин "Тихое место", Бо Бернэмдин "Восьмой класс", Барри Женкистин "Если Бил-стрит могла бы заговорить", Роб Маршалдын "Мэри Поппинс возвращается", Слайк Линин "Черный клановец", Пол Шредердин "Дневник пастыря" жана Питер Фарралеллинин "Зеленая книга" фильмдери мыктылардын катарын толуктаган.

Өзгөчө баа мексикалык режиссер Альфонсо Куарондун "Рома" тасмасына берилди. Кинокартинада 1970-жылдардагы бай жашаган мексикалык үй-бүлөнүн жашоосу баяндалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0