Булганган сууда өскөн күрүчтүн ден соолукка таасири иликтенди

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКүрүч. Архив
Күрүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар булганган сууда өскөн күрүчкө 70-80 пайыз мышьяк топтолорун аныкташкан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Күрүчтүн даны мышьяк сыяктуу уулуу заттарды соруп алат. Мындай жыйынтыкка биологдор келгенин РИА Новости агенттиги жазды.

"Күрүчтүн данында мышьяк канчалык көп экенин жана ал адамдын организмине сиңип жатканда канча бөлүгү калып каларын аныктоо үчүн системалык баалоо жүргүздүк. Жакын арадагы изилдөөлөрдө адамдын организмине кандай таасир бере турганын изилдейбиз", — деди Индиана (АКШ) университетинин окумуштуусу Чжэн Чжоу.

Фуа-гра — специальным образом приготовленная печень откормленного гуся или утки - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң кымбат, алтынды да басып өткөн азыктар. Тизме
Изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар кир суу Кытайдагы, Индиядагы жана Азиянын түштүгү менен чыгышындагы талаалардагы айыл-чарба өсүмдүктөрүнө кандай таасир берерине кызыгышкан. Мында мышьяк метаболизми жана анын кишиге тийгизген таасири тууралуу илимий эмгек жазган 143 автордун иши иликтенген.

Сууда, суу куурларында, идиш-аяктагы коргошун, мышьяк жана башка уулуу элементтердин көп болушу адамдын мээсин жабыркатып, организмине зыян алып келет.

Булганган сууда өскөн күрүчкө 70-80 пайыз мышьяк топтолорун аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0