Бугунун булуттай аппак музоосу! Сейрек кездешкен жаныбардын сүрөтү

© AP Photo / David DupreyАк буру. Архив
Ак буру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фотограф бугунун апакай музоосун капыстан жолуктуруп калган. Ал кишиге жакын келип, көзүн көпкө тиктеп турган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Норвегиялык саякатчы жана фотограф Мадс Нордсвин болуп көрбөгөндөй жакшынакай жаныбардын сүрөтүн тартып алган. Муну ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Нордсвин жаныбарды капыстан байкап калгандыгын, анын аппактыгынан кардан араң айырмалагандыгын жазган.

"Бугунун баласы мага абдан эле жакын келди, экөөбүз бири-бирибизди тиктеп турдук. Бир нече ирмемдерден кийин бактардын арасынан энеси чыга келди. Баласы тегеренип басып жүрүп, андан соң энесин көздөй качты. Бул эми жомоктогудай эле ирмемдер болду!" — деп жазган фотограф.

Мындай аппак жаныбарлар бугулар арасында сейрек учурайт. 

Айтмакчы, Нордсвин жаратылышта сейрек кездешкен жаныбарларды тартуудан жолдуу.

Быйыл апрелде сүлөөсүндүн сүрөтүн да капыстан тартып алып жарыялаган. 

Анын объективине түшкөн карышкыр кудум ойго баткан сыяктуу. 

Нордсвин сүрөттөрүн негизинен Instagram тармагына коет.

Алардын көбү норвегиялык суук климатты баяндаган сүрөттөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0