Бекем үй-бүлө болушу үчүн түгөйлөргө канча жыл керектиги айтылды. Иликтөө

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүСейилдеп жүргөн түгөй. Архив
Сейилдеп жүргөн түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар бирге түтүн булатып келе жаткан жүзгө жакын түгөйдү 13 жыл байкоого алган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Аял-күйөө 10 жылдан ашык бирге жашагандан кийин майда-чүйдө нерселердин айынан чукулдашып кетүүсү токтолот. Бул туурасында РИА Новости Emotion журналына шилтеме кылып кабарлады.

"Статистикалык маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө ар бир экинчи түгөй баш кошкондон эки жылдан кийин болбогон нерселерден улам урушуп отуруп, ажырашып тынат", — деп жазылган маалыматта.

Беркли шаарындагы Калифорния университетинин илимпоздорунун жамаатын аял-күйөөсү кер-мур айтышып кетип, ал таарынычы тарабай канчага жүрүшөөрү жана ажырашууга кантип алып келээри кызыктырган.

Лонгрид: Бул шаарда ажырашуу деген жок Алыскы. Айдаркенден кабар - Sputnik Кыргызстан
Бул шаарда ажырашуу деген жок. Алыскы Айдаркенден кабар
Окумуштуулар 15тен 35 жылга чейин бирге түтүн булатып келе жаткан жүзгө жакын түгөйдү 13 жыл бою байкоого алган. Аларды ар беш жылда бирден лабораторияга чакырып, жашоосунан кабар алып турушкан. Аял-күйөөсүнө акыркы ирет качан урушканы, алардын себептери жана таарынычтары качан жазылганын сурашкан.

Окумуштуу Элис Верстэн жана анын кесиптештери аңгемелешүүгө келген аял-күйөөсүнүн эмоциясы, эмнени талашып-тартышканы, кантип кайра кепке келгенин да байкап, жазып алып турушкан.

Анын негизинде чыккан жыйынтыкта жаш бүлөлөрдүн курчтук кылып урушуп кеткени, ачууга алдырган, жиндеген учурлары көп кездешкен. Ал эми мындай көрүнүш 20 жылдап бирге жашаган жубайларда байкалган эмес. Алар сөз көтөрүмдүү, байымдуу болушкан.

Мындан сырткары, окумуштуулар бир нече түгөйлөрдүн бири-бирине болгон мамилеси бир нече жыл ичинде бирдей болуп өзгөргөндүгүн кагазга түшүрүп турушкан. Алардын ортосундагы чатагы басаңдап, айтышып кетпей, бири-биринин сөзүн угуп, жашоосуна канаттанган маанай байкалган.

"Бул ачылыш биздин жашообузда жаркын, жарык маанайдагы эмоциялардын керектигин дагы бир жолу далилдеп турат. Изилдөө түгөйлүү эркек менен аялдын жалгыз жүргөндөргө караганда көбүрөөк өмүр сүрө тургандыгын түшүндүрөт", — деген Верстэн.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук статистика комитети кыргызстандыктар үйлөнгөндөн канча жыл өткөндөн кийин эң көп ажырашарын аныктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0