Нью-Йоркто сүйүктүүсүнүн колун сурап жатып шакегин жоготкон жигит изделүүдө

Жазылуу
Жигит катуу толкундангандыктан шакекти сүйгөн кызынын көз алдында канализацияга түшүрүп алган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Нью-Йоркто полиция сүйгөн кызынын колун сурап жатып кокусунан шакегин канализацияга түшүрүп алган жигитти издеп жатат. Бул тууралуу Twitter тармагындагы New York Police Department аккаунтуна жарыяланды.

Полиция шакекти сүйүшкөн жаштарга кайтарып берүүнү көздөп жатат.

"Таймс скверде сүйүктүүсүнө арзуусун билдирип жатып шакегин түшүрүп алган жигит изделет. Кыз "ооба" дегенде жигит катуу толкунданып кетип колундагы шакегин канализацияга түшүрүп алган", — деп полициядан айтышкан.

 

Ошондой эле шакекти алып чыккандан кийин жууп-тазалап коюшканы белгиленет.

Соцтармактын колдонуучулары да четте калбай, маалымат менен бөлүшүп түгөйлөрдү табууга жардам көрсөтүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0