20:43 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR79.6224
  • RUB1.0406
Украинанын чек арасы. Архивдик сүрөт

Россиянын эркектерине Украинага кирүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Валерий Мельников
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
176 0 0

Порошенко мындай кадам россиялыктар 2014-жылы эле пландаган иштерин ишке ашырууга жол бербөө максатында жасалып жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Украинанын президенти Петр Порошенко Twitter баракчасына Россиянын 16 жаштан 60 жашка чейинки эркектерине өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын жазды.

Порошенко мындай кадам россиялыктар 2014-жылы эле пландаган иштерин ишке ашырууга жол бербөө максатында жасалып жатканын белгилеген.

Буга чейин Киев менен батыш мамлекеттери Россияны Украинанын ишине кийлигишип жатат деп айыпташкан. Россия болсо айыптоолорду четке кагып, акылга сыйбай турган айыптоо экенин бир нече жолу билдирген.

Сенатор Алексей Пушков "Украинада бир нерсе болуп кетсе эле Россияны айыптап чыгышарын" айтты.

Дүйшөмбү күнү Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы да президенттин сунушун жактап, аскердик кырдаал киргизилген. Буга байланыштуу 29-ноябрдан тарта Украина менен Крымдын чек арасынан бир гана Украинанын паспорту менен өтүүгө мүмкүн болууда.

Керч жаңжалы

Су-27 учагы. Архивдик сүрөт
© Фото / Пресс-служба президента Украины
29-ноябрда Украинанын аба деңиз күчтөрүнүн кемеси Россиянын аймагына мыйзамсыз кирип кеткен. Кемелер убактылуу жабылган аймакка кирип келип, коопсуздукка шек келтире турган аракеттерди жасап, Россиянын кемелери берген эскертүүлөргө көңүл бурушкан эмес. Бардык кемелер Россиянын чек арасынан 20 чакырым алыстыкта жана Керч кыcыгынан 50 чакырым алыстыкта Крым көпүрөсүнүн алдынан кармалган. Окуя учурунда Украинанын үч аскери жаракат алган. Кеменин ичинде жалпысынан 24 жоокер болгон, анын ичинде Украинын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү да бар. Кийин алардын бардыгы мамлекеттик чек араны бузду деген негиз менен камакка алынган.

Владимир Путин Керч кысыгындагы окуяны чагымчылдык аракет деп баалаган. Бул аракеттер Петр Порошенконун түшүп кеткен рейтингин президенттик шайлоо алдында көтөрүү үчүн жасалганын белгилеген.

Тема боюнча

Бишкекте украиналык киши тренинг өтүп жаткан жеринен кармалды. Себеби
Россия: журналист Вышинскийдин Украинада кармалышы боюнча иш козголду
Белгилер:
тыюу салуу, чектөө, Россия, Украина
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ