Спорттун кайсы түрү жаштыкты узарта алат? Окумуштуулардын жообу

© AP Photo / Markus SchreiberЕжегодное плавание "берлинских тюленей" в Германии
Ежегодное плавание берлинских тюленей в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азот оксиди — клеткалардын ишин жакшыртып, организмдин жаштыгын сактоочу зат.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Лейпциг университетинин (Германия) окумуштуулары чыдамдуулукту курчуткан чуркоо, сууда сүзүү, лыжа тебүү сыяктуу спорт түрлөрү жаштыкты узартууга шарт түзөрүн аныкташты. Бул тууралуу EurekAlert! сайтында айтылат.

Толук аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар астма менен толуп кетүүнүн байланышын айтышты
Бул үчүн окумуштуулар мурда спорт менен алектенбеген 266 кыз-жигитти чакырып, аларды алты ай бою сынап көрдү. Биринчи топ жогоруда сөз болгондой, чыдамдуулукка үйрөткөн көнүгүүлөрдү аткарды. Экинчи топ оор нерселерди көтөрүү, турникке тартынуу сыяктуу күч берүүчү көнүгүүлөргө басым жасады. Ал эми үчүнчү топтогулар жашоо-шартын өзгөрткөн эмес.

Ар бир катышуучу жумасына үч жолу 45 мүнөттөн спорт менен машыгып турган.

Эскперимент башталганга чейин катышуучулардын кан тамырындагы азот оксидинин деңгээлин текшерген адистер алты ай өткөндөн кийин дагы бир ирет бул процедураны кайталашкан. Ошол учурда чыдамдуулукка үйрөткөн көнүгүүлөрдү жасаган адамдардын организминде азот оксиди көбөйгөнү белгилүү болгон.

Азот оксиди — клеткалардын ишин жакшыртып, организмдин жаштыгын сактоочу зат.

Жаңылыктар түрмөгү
0