Беш жылдан кийин Жерге кооптуу делген астероид жакындап келет

© NASAАстероид в космосе
Астероид в космосе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул асман телосу Жерге келип тийсе, кесепети термоөзөктүк эң күчтүү бомба жарылгандай болот дешти.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. NASA жерге жакындап келе жаткан ири астероид туурасында эскертти. Бул маалыматты The Mirror басылмасына таянып, РИА Новости жазды.

Бомбардировщик упал на ферму в США — момент крушения попал на видео - Sputnik Кыргызстан
Бомба ташуучу учактын ферманын үстүнө кулаган учуру видеого тартылып калган
Анда кооптуу деген астероиддин көлөмү кадимки Биг-Бенден эки эсе чоң экендиги айтылган. Илимде 201F LF16 деген аталышты алган космос телосу жерге 2023-жылдын 8-августунда жетээри айтылган. Адистер бирок анын Жер менен кагылышат деген божомол өтө ынанымдуу эместигин айтышууда. Эксперттер биз жашаган планетадан астероиддин кыйгап өтүү шансы 99,9999967 пайызды түзөрүн билдиришкен.

Анткен менен бул асман телосу Жерге келип тийсе, кесепети оңбогондой эле, термоөзөктүк эң күчтүү бомба жарылгандай болот дешти. Ал курал 50 мегатонналык тротиланын кубатына барабар экендиги айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0