Стамбулда көчөгө аскер тик учагы кулап, төрт киши каза болду. Видео

© REUTERS / Osman OrsalКрушение военного вертолета в Стамбуле
Крушение военного вертолета в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тик учактын кулаган учурун жарандар видеого тартып алган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Стамбулдун Санжактепе аймагында машыгуу иштерин жүргүзүү үчүн учуп бараткан тик учак кулап түшкөнүн Hurriyet басылмасы билдирди.

Ага ылайык, кырсыктын кесепетинен төрт жоокер каза болуп, бирөө оор жаракат алган.

Коргоо министри Хулуси Акардын айтымында, тик учак асманга көтөрүлгөндөн кийин жарым сааттан соң байланыш үзүлгөн. Алар күтүүсүздөн жерге кулаган. Азырынча себеби белгисиз. Акар ошондой эле аскерлер тик учак кишилер жашаган үйгө эмес жолго түшкүдөй кылып аракет кылышканын кошумчалады.

Маалымат боюнча UH-1 үлгүсүндөгү тик учак кулаган.

​Кырсык болгон жерге полиция менен Тез жардам кызматы тартылды. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Тик учактын жерге кулап түшкөн учурун жарандар видеого тартып алган. Аны Turkiye Gazetesi басылмасы YouTube каналына жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0