Төрөттөн кийин кантип кымча бел бойдон калса болот? Моделдин кеңеши

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүСууга түшүп жаткан аял. Архив
Сууга түшүп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жуунуу ыкмасы дененин сымбаттуулугун сактоого жакшы жардамчы болорун айткан.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Австралиялык модель Эбигейл О'Нил төрөттөн кийин кантип кымча бел бойдон калса болорун айтып берди. Бул туурасында Mirror басылмасы жазды.

44 жаштагы аял — үч баланын энеси.

Дене келбетин жана жаштыгын ойдогудай кылып сактоо үчүн ал өзүнүн "ыкмалары" менен сууга түшөрүн айтып берген.

"Күн сайын душка түшөм да аптанын аягында аккан муздак суунун алдында турам. Муну 30 жылдан бери жасап келе жатам. Жаштыгымды жана сымбатымды сактоо үчүн дал ушул ыкма жардам берет деп ойлойм", — деген ал.

Модель анын дагы бир ыкмасы бар экендигин айтып берген. Алгачкы үч мүнөттө ысык суу менен чайынып, андан соң 30 секунда аккан муздак суунун алдында турарын билдирген. Муну жумасына жок дегенде бир ирет жасарын кошумчалаган.

Албетте, анан туура тамактануу керектигин баса белгилеген. Анын айтымына караганда, негизинен жашылча-жемиш, чөп-чарга көбүрөөк басым жасоо зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0