Аркы дүйнөгө узады деген кемпир өлүкканадан "тирилген". Туладагы окуя

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан кары аял. Архив
Көчөдө бараткан кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кемпирди карап чыгып, анын көз жумганын тастыктап, андан соң өлүкканага алып кетишкен.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Өткөн аптанын соңунда Тула облусундагы айылдардын биринде адаттан башкача окуя болуп, аркы дүйнөгө узаган кемпир "тирилип" келди. Бул туурасында "Тула жаңылыктары" кабарлады.

88 жаштагы кемпирдин абалын сурайын деп келген сиңдилеринин бири анын дем албай сулк жатканын көрүп, туугандарын жана тез жардам чакырган.

Бир аздан кийин медиктер да, полиция кызматкерлери да келген. "Сөөктү" карап чыгып, анын көз жумганын тастыктап, андан соң өлүкканага алып кетишкен.

"Ал эми үч сааттан кийин аны тирүү алып келип келишпедиби!" — деген таңданган Елена.

В Мурманске после капитального ремонта открылся роддом №1 - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер чарчап калды деген ымыркай өлүкканадан "тирилди"
Ал журналисттерге кемпир өлүкканада жатканда ойгонгондугун айтып берген. Карылыгынан улам кайда жатканын толук аңдабай, "мени карактаганы жатышат" деп түшүнүп алган да, өлүкканадан шаша чыгып бара жаткан кызматкерин чакырган.

Кемпирден окуянын чоо-жайын сурашканда эч нерсе эсинде жоктугун, үйдөн сыртка чыкпагандай эле маанайда отургандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0